Ак кептер
NON STOP
Скачать Скачать Текст песни

Ак кептер

NON STOP

Автор текста: элдик ыр
Автор музыки: элдик ыр

Non-Stop - Ак кептер Жагалмайдай кайкып учуп бара албай, Жаш жүрөккө жагар дары таба албай. Ак кептерим, түтөбөйүн арманга, Кучак жайып, кумар жазып кала албай. Асманга учсаң мен да күтөм жолуңду, Ак маңдайым, кармасам дейм колуңду. Эч болбосо сен конуучу токойго, Жаным, секет, жая албадым торумду. Сен дегенде тура албаймын жай алып, Келаткансып, эки жагым каранып. Түшүмдө да карагайлуу булакта, Булактайсың кундуз чачың таранып. "Күйсөң күй" - деп кашты серпип күлгөнүң, Жанымды өрттөп, жал-жал карап жүргөнүң. Мынча неге түлкү куумай ойноттуң? Айтчы деги анык бекен сүйгөнүң? Жагалмайдай кайкып учуп бара албай, Жаш жүрөккө жагар дары таба албай. Ак кептерим, түтөбөйүн арманга, Кучак жайып, кумар жазып кала албай. Ак кептерим, түтөбөйүн арманга...

Комментариев пока нету 8 859 раз(а) прослушали

Возможный клип песни


А что вы думаете?

Войдите через соц. сети чтоб не вводить каждый раз имя
blush worried rage sunglasses imp kissing_heart


Вы молодец!

А теперь,
Выделите текст ошибки и нажмите кнопки на клавиатуре Ctrl + Enter